Жаңылыктар
Жайкы Азия оюндарында медалдардын саны боюнча Кытай биринчи орунда
Спорт
Жайкы Азия оюндарында медалдардын саны боюнча Кытай биринчи орунда

XVIII Жайкы Азия оюндарында медалдардын саны боюнча Кытай биринчи орунда. 50 коло, 67 күмүш жана 105 алтын байге менен кытай спортчулары алдыда келе жатат. Экинчиде 52 алтын, 47 күмүш, 63 коло медаль менен Япония курамасы турат. Түштүк Корея жалпы 131 байгеси менен үч мыкты команданы жыйынтыктап келүүдө. 

Мелдештер ээси Индонезия 30 алтын, 22 күмүш жана 37 коло менен төртүнчү орунду камсыздаса, Иран менен Өзбекстан 5 жана 6 орунга жайгашты. Кыргызстан медалдардын саны боюнча азырынча 21-орунда келе жатат. Байге куржунда 2 алтын, 6 күмүш жана 10 коло медаль бар.