Жаңылыктар
Бишкек: Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу атайын программа даярдалды
Маданият
Бишкек: Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу атайын программа даярдалды

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу атайын программа даярдады. Ага ылайык, 31-август күнү майрамдык иш-чаралар парктарда жана калаадагы төрт райондо өтүп, шаар тургундары менен коноктору үчүн концерттик программалар, көргөзмөлөр, мастер-класстар жана спорттук иш-чаралар уюштурулмакчы. 

Ал эми коомдук транспорт түнкү саат бирге чейин иштеп, коомдук коопсуздукту Бишкек ШИИБнин өздүк курамы көзөмөлдөйт.