Жаңылыктар
Өлкөнүн келечеги үчүн күрөшкөндөр
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн келечеги үчүн күрөшкөндөр

Биздин канал 2010-жылдагы элдик ыңкылаптын 6 жылдыгына карата апрель революциясынын катышуучулары менен тааныштырууну улантат. Кезектеги каарманыбыз Ринат Койчубек уулу. Ал алты жыл мурун үй-бүлөлүк бийликти кулатууга салымын кошуп, борбордук аянтта көзгө атарлардын огунан жаракат алган.

Ринатка азыр катуу чуркаганга, оор көтөргөнгө, дароо кыймыл жасоого болбойт. Тамак-аштын да айрымдарынан карманып, тандап жегенге туура келүүдө. Бирок каарманыбыз 7си күнү Бакиевдердин үй-бүлөлүк режимин кулатууга барганына өкүнбөйт. 

Кыргызстандын өнүгүп-өсүшү, элдин эркин, бакубат жашоосу үчүн өмүрүмдү бергенге дагы даяр элем дейт. Учурда үй-бүлөлүү, 1 жарым жаштагы кызын тарбиялап жатат.