Жаңылыктар
Бишкекте кырсыкка кептеген дарактар көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте кырсыкка кептеген дарактар көбөйдү

Ошондуктан куураган дарактарды тез аранын ичинде кыйып жок кылуу керек. Мындай чечимди Бишкек шаардык кеңешинин атайын комиссиясы чыгарды. Кулаганы калган даракты кыюу тууралуу кайрылууну жөнөкөй жаран эмес, вице-мэр бир ай мурда “Жашылдандыруу” ишканасына тапшырма берген. 

Бирок жетекчинин тиши өтпөдүбү же тиешелүү орган кулак сыртынан кетирдиби иши кылып кооптуу дарак ордунда. Тамырын жоготкон мындай дарактарды мисал келтире берсе борбордо ого эле көп. 

“Жашылдандыруу” ишканасынын карамагында болгону 2 миң 650 дарак бар. Ар бир дарактын абалы тууралуу алаканга салгандай билсе деле болчудай. Бирок муниципалдык ишкана дарактын куураган же куурабаганын билүүчү ультраүндүү жабдык керек деп жыйынга эми көтөрүп чыкты. Аппаратты сатып алууга борбордук бюджеттен каражат талап кылынат. Бирок депутаттар ишкананын өздүк каражаты жетиштүү экенин тастыктады.

 Буга байланыштуу, жакында “Жашылдандыруу” ишканасы борбордогу бардык дарактардын куураган же куурабаганын текшерип баштайт. Кененирээк Мээрим Бакир кызынын сюжетинде: