Жаңылыктар
Бишкектеги улуттук филармониядан өрт чыкты
Кырсык
Бишкектеги улуттук филармониядан өрт чыкты

Өлкөнүн архитектуралык байлыктарынын бири болгон улуттук филармонияны өрт чалды. Окуя болгон жерге өрт өчүрүү кызматкерлери тартылган. Бишкектин так ортосунда жайгашкан Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын ичинде өрт чыкты. Болжол менен 200 чарчы метр аянтты жок кылган өрттүн себептери азырынча белгисиз. 



Имараттын өрттөнгөн бөлүгүндө “Камбаркан” фольклдордук ансамблинин костюмдар бөлмөсү болгон. Эч нерсени күтпөгөн артисттер күндөгүдөй эле үйлөрүнө кетейин деп жатышкан. Эми костюмдары менен кошо алардын даярданчу бөлмөсү да күйүп кетти.

Өрттүн чыгышынын так себептери азырынча белгисиз. Болжолдуу маалыматтар боюнча электр чубалгыларынын чукул туташуусу жана техникалык коопсуздуктун сакталбаганы жалындын чыгышына алып келген. Өрткө каршы күрөшүү кызматынын инженердик лабораториясынын кызматкерлери окуя болгон жерди атайын изилдөөгө алып, кийинчерээк бүтүм чыгарышат.