Жаңылыктар
ӨКМ өрт өчүрүүчү жана куткаруу үчүн жабдылган жаңы унаалар менен камсыз болду
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ өрт өчүрүүчү жана куткаруу үчүн жабдылган жаңы унаалар менен камсыз болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт өчүрүүчү жана куткаруу үчүн жабдылган жаңы унаалар менен камсыз болду. Мекеменин техникалык базасы келишимдин негизинде, Жапониянын өкмөтү менен Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын каржылык колдоосу менен жабдылды. 

Техникаларды тапшыруу иш-чарасы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана БУУнун өнүктүрүү программасынын туруктуу координаторунун, ошондой эле Кыргызстандагы Жапониянын элчисинин катышуусунда өттү. 



Бул каз-катар тизилген жыйырма эки атайын унаа тилсиз жоону өчүрүүдө, өзгөчө кырдаалдын алдын-алууда жана кесепеттерин жоюуда колдонулат. Айрыкча акыркы убакта көп катталып жаткан өрт кырсыгына ылдам келип, ыкчам жардам көрсөтүүгө жакшы болду. Бул техникаларга муктаждык зор. Себеби акыркы алынган өрт өчүрүүдө колдонулган шаймандардын бир тобу эскилиги жеткен.

Өкмөт башчы жаңы техникалар өзгөчө кырдаал катталганда жана анын алдын алууда зарыл экенин белгиледи. Себеби бул заманбап техниканын жардамы менен өрт урандыларын талдап, татаал жерде калгандарды куткарууга мүмкүн. Премьер-министр бул аракеттер эл аралык өнөктөштөр менен бирге алып барып жаткан аракеттин натыйжасы экенин белгилеп, алдыда өкмөт министрликтин социалдык тиричилик маселелерин чечүүгө кадам таштай турганын билдирди.