Жаңылыктар
Быйыл Жалал-Абадда мистенин түшүмү мол болду
Айыл чарба
Быйыл Жалал-Абадда мистенин түшүмү мол болду

Быйыл Жалал-Абадда мистенин түшүмү мол болуп, наркы да жогору болуп жатат. Азыркы тапта терип жыйноо аяктап калды. 

Мисте бышкан учурда Кочкор-Ата шаарында убактылуу мисте базары пайда болот. Дыйкан менен алып-сатарлар чогулган базарда соода кызуу болуп жаткан учур. Мистенин килограммы 300 сомго чейин сатылууда.

Мисте токой аянты коңкурстун негизинде бир үй-бүлөгө 10 гектардан берилет. Ноокен районунун Кочкор-Ата токой чарбасында 11 миң гектар мисте аянты бар. Бул аянт 300дүн тегеринде ижарачыга берилген.

Жалал-Абад облусунун аймагында 33 миң гектардан ашык мисте токой бар. Соңку жылдары мисте токой аянттары түшүм бербей келген учурлар болгон. Адистердин айтымында, быйыл аба-ырайы жакшы болду. Түшүмдүн мол болгонунун да бир себеби, токой чарбаларыны ишин жакшыртып, өз учурунда дарылоо иштери жүргүзүлгөн. Негизинен мисте аянттары Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен жана Сузак райондорунда бар.