Жаңылыктар
Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленип жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленип жатат

Бишкекте Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгы белгиленип жатат. Салтанаттуу иш-чара Ала-Тоо аянтында саат ондо башталып, Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерибизди элибиз эзелтен эңсеп келген эркиндикке жеткен күнү менен куттуктады. 

Салтанаттуу мааракеге Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун Төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенти Роза Отунбаева келди. 

Ошондой эле иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери, өлкөнүн аймактарынан келген кадыр-барктуу адамдар, интеллигенция өкүлдөрү, чет элдик коноктор, Азиадага катышып келген спортчулар, депутаттар жана аянт толо эл катышууда. Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен коштолду.