Жаңылыктар
Өз өлкөсүн даңктаган Дарья Маслова жергебизге жеңиш менен кайтып келди
Спорт
Өз өлкөсүн даңктаган Дарья Маслова жергебизге жеңиш менен кайтып келди

Азия оюндарында бир алтын, бир күмүш алган кыргызстандык спортчу Дарья Маслова мекенине кайтып келди. Жеңил атлетчини Эл аралык "Манас" аэропортунан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Сатымкул Жуманазаров атындагы спорт мектебинин тарбиялануучулары жана жакындары кучак толгон гүл менен тосуп алышты.

Эскерте кетсек Дарья Маслова 25-августта 10000 метр аралыкка чуркап, 32 мүнөт 7 секундда атаандаштарынан биринчи болуп финиш сызыгына келген. 28-августта дагы 5000 метрге жарышып, күмүш тагынды. Эл аралык чемпионатта ийгилик жаратуу үчүн ал 5 жыл бою талбай машыккан.

Кыргызстандын байге куржуну бул жолку Азия биринчилигинде медаль утуу жагынан башка жылдарга салыштырмалуу рекорддук көрсөткүчкө жетти. Учурда анда 20 медаль бар. Мунун экөө алтын, алтоо күмүш, калганы коло. Кыргызстандан барган спортчулар спорттун 40 түрү боюнча күч сынашты. Эмки кезек спортчуларды сыйлоо иш-чарасы.

Дашанын устаты Татьяна Борисова 2002-жылы Түштүк Кореяда өткөн Азия оюндарында алтын тагынган. Эми устатынан шакирти өтүп, бир эле чемпионаттан алтын, менен күмүш байгени бирдей багындырып келди. Ал бир жумадан кийин Белоруссияга машыгууга барат.