Жаңылыктар
Президент С. Жээнбеков Ак-Ордо конушундагы жаңы мектептин ачылышына катышты
Билим
Президент С. Жээнбеков Ак-Ордо конушундагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундагы №96 мектеп 1-сентябрь билим күнүндө ишке берилди. Анын ачылыш салтанатына президент Сооронбай Жээнбеков катышып, мамлекет башчысы мектеп жамаатын жана окуучуларды 1-Сентябрь - Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.

Өлкө башчысы белгилегендей, Билим күнүндө республика боюнча 27 жаңы мектеп пайдаланууга берилип жатат. Жылдын аягына чейин дагы 52 жаңы билим берүү мекемеси окуучуларды кабыл алат. 

Президент жаңы мектеп ак жолтой болуп, көптөгөн жылдар бою миңдеген жаш муундарга тарбия, билим берген куттуу жайга айланышын каалады. Иш-чарада жаңы мектепке окуу китептери, мультимедиялык жабдыктарды жана керектүү спорт каражаттарын сатып алууга 300 миң сомдук сертификат тапшырылды. Өлкө башчысы мектеп имаратын, кабинеттердин ичин да көрүп чыкты. «Ак-Ордо» конушундагы №96 мектеп азыркы стандарт боюнча 960 окуучуга ылайыкталган. Мектеп толугу менен тиешелүү эмеректер жана жабдыктар менен жабдылган.