Жаңылыктар
Түркиянын президенти Эрдоган эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди
Саясат
Түркиянын президенти Эрдоган эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди

Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдогандын Кыргызстанга болгон эки күндүк расмий иш-сапары башталды. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Режеп Таип Эрдогандын тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү болуп, андан соң Кыргызстан жана Түркия ортосунда стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин отуруму өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Президент Сооронбай Жээнбековдун расмий чакыруусу менен келип, анын алкагында Кыргызстанда өтүүчү эл аралык маанидеги иш-чараларга катышканы турат. “Манас” аэропортуна келип конгон учактан Режеп Тайып Эрдоганды жана жубайы Эмине Эрдоганды Президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алып, расмий жолугушуу аземи болду.


Жогорку конокторго дипломатиялык алакада орун алган сый-урмат көрсөтүлдү. Аба майданда эки өлкөнүн байрагы желбиреп, гимни жаңырып, ардак кароолдун рапорт берүүсү жана мамлекет башчылардын өз делегацияларын тааныштыруу шааниси өттү.

Мамлекет аралык сүйлөшүүлөр салтка айланган “Ала-Арча” резиденциясында уюшулган. Сооронбай Жээнбеков ал жерден жогорку конокту күтүп алды. Аны улай президенттер сүрөткө түшүп анан тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү бөлмөгө бет алышты. Сүйлөшүү учурунда Сооронбай Жээнбеков Түркия президентин кыргыз жерине келиши менен жылуу кабыл алып, Режеп Таип Эрдоганды Кыргызстанга чакыруусун кабыл алгандыгына жана Үчүнчү Дүйнөлүк оюндарынын ачылышы аземине катышуу ниетин билдиргени үчүн ыраазычылык билдирди. Визиттин алкагында эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтыктын абалын жана мындан ары карай аны тереңдетүүнүн келечегине байланыштуу маселелерди кеңири талкуулашты. Эки өлкө башчылары ошондой эле эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги орчундуу маселелер боюнча да пикир алмашышты.

Тар чөйрөдөн кийин кеңири курамда Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин төртүнчү отуруму өттү. Кеңейтилген жыйында Сооронбай Жээнбеков кыргыз-түрк кызматташтыгынын жаңы багыттары жана мамилелерин жогорку деңгээлге чыгаруу боюнча оюн айтты.



Отурумда түрк президенти Сооронбай Жээнбековго жана жалпы кыргыз элине жылуу кабыл алган үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул жолугушуу эки өлкөнүн алакасын чыңдоо үчүн абдан маанилүү болоорун белгиледи. Эрдоган эки өлкө соода алакасын жогорулатууга басым жасашы керектигин белгиледи. Авиа каттамдардын санын көбөйтүүгө, аэропортторду оңдоого түрк тарап жардам бере турганын айтты. Түрк лидери 2016-жылдагы окуяга байланыштуу мамиле начарлап кеткен учурга кайра кайрылып келбөөгө ниет кыларын билдирди.

Кыргызстан менен Түркия президенттеринин жолугушуусунан соң кабыл алынган эки тараптуу 12 документке кол коюлду. Анын натыйжасында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн аскердик-финансы кызматташтыгы жөнүндө протокол, Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча кызматташтык боюнча макулдашуу бар. Көрсөтүлгөн документтерде «Маариф» фондун ачуу, Саламаттыкты сактоо министрлигин дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо боюнча да маселелер каралган. Ошондой эле кыргыз-түрк достугунун урматына оорукана ачуу жана кыргызстандыктардын Түркияда медицина тармагында окуу мүмкүнчулүгүн берүү боюнча да кол коюлду. Анан дагы «Айтматов» атындагы маданий борборун ачуу, бажы комитетин түзүү да каралган.

Расмий сапардын экинчи күнү мамлекет башчылар эки өлкөнүн ишкерлери чогулган бизнес форумга катышат. Андан кийин “Манас” Кыргыз-түрк университетинин мадицина факультетинин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салышат жана Бишектеги жаңы мечитин ачылышына барышат. Ошондой эле Режеп Таип Эрдоган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана спикер Дастан Жумабево менен жолугушат. Эскерте кетсек, Түркиянын президенти Ысык-Көл жергесинде өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, 3-сентябарда Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын төртүнчү жыйынына катышат.