Жаңылыктар
Т.Сариев: инвестиция тынчтыкты сүйөт
Экономика
Т.Сариев: инвестиция тынчтыкты сүйөт

Былтыр өлкөгө 819 миллион долларга чукул түз инвестиция тартылган. Бул негизинен энергетика, инфраструктуралык келишимдер жана өндүрүш тармактарына. Быйыл да инвесторлор каржы сала турган негизги тармактар аныкталган. 

Каржылык каатчылыкка, сомдун куну түшкөнүнө карабай өкмөт былтыр улуттук экономиканы туруктуу кармап турду-деди Сариев. Экономикалык биримдикке кирген өлкөлөрдө инвестициянын көлөмү кыйла азайганы менен Кыргызстанга тартылган тикелей инвестициянын көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 12,6 пайызга көбөйгөн. 


Же 818 миллион долларлык инвестиция тартылган. Өкмөт башчынын айтымында беш жылда инвестиция тартуу эки эсеге өскөн. Бул албетте чакан жана орто ишкерчиликтин өнүгүшүнө өбөлгө болду. 

Жогорку Кеңеш өкмөттүн инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, өндүргөн товарларды экспорттоо боюнча өкмөттүн маалыматтын угуп, жактырды. Парламент отурумунан кененирээк Нургүл Жумабекованын репортажында: