Жаңылыктар
Көчмөндөр оюндары: бүгүн 18 комплект медаль ойнотулат
Спорт
Көчмөндөр оюндары: бүгүн 18 комплект медаль ойнотулат

III Көчмөндөр оюндарынын 2-күнүндө 18 комплект медаль ойнотулат. Спорт агенттиктен билдиришкендей, бүгүн армрестлинг жана алыштан жеңүүчүлөр аныкталат. Мындан тышкары көк бөрү оюндары башталат. Ал эми тогуз коргоол, мангала жана овари оюндарынын экинчи айлампасы өтөт.

9:30 көк-бөрү, Чолпон-Атадагы ат майданда

алыш, ФОК

армрестлинг, ФОК

тогуз коргоол, «Евразия» борбору

мангала, «Евразия» борбору

овари, «Евразия» борбору

ордо, Кырчын жайлоосу