Көк бөрү боюнча кыргыз курамасы Монголияны 29:5 ири эсебинде утуп алды. Кыргыз курамасынын лидери Манас Ниязов 6 ирет улак таштоо менен айырмаланды.
Маалым кыла кетсек, көк бөрүдөн жалпы 12 курама команда ат салышууда. Алар 4 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык оюндардын жыйынтыгы менен алдыңкы 1-орунду ээлеген курамалар финалдык бөлүккө жолдомо алат.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курамасы кийинки оюнда Алтай командасы менен кез келет.