Жаңылыктар
Таласта "Биз баарыбыз теңбиз" кайрымдуулук акциясы өттү
Аймак
Таласта "Биз баарыбыз теңбиз" кайрымдуулук акциясы өттү

"Биз баарыбыз теңбиз" аталышындагы кайрымдуулук акциясы Таластагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн уюштурулду. 

Анын алкагында Бакай-Ата айылында жайгашкан жатак-үйдүн 80 тарбиялануучусуна көңүл ачып эс алуу программасы болду. Алар Ак-Дөбө айылына келип, гүлбакта ойноп, оюн-зоок программасына күбө болуп, бекер таттууларды алышты. 

Акцияны Талас облустук Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы, Кызыл жарым ай эл аралык уюму жана Ак-Дөбө айыл аймагынын жетекчилиги биргелешип уюштурган. Белгилей кетсек, Талас облусу боюнча жалпы 2 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар бар.