Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин баштады
Саясат
Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин баштады

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин баштады. Депутаттар жайкы эс алууга 28-июнда тараган. Өткөн төртүнчү сессия учурунда эл өкүлдөрү тарабынан 124 мыйзам жана 615 токтом кабыл алынган.

Ал эми жайкы эс алуу учурунда жер-жерлерде шайлоочулар менен эл өкүлдөрүнүн жолугушуулары өттү. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы 2015-жылы шайланган. Парламентте алты фракция бар.