Жаңылыктар
Токмок шаардык кеңешинин депутатына издөө салынды
Кылмыш
Токмок шаардык кеңешинин депутатына издөө салынды

Токмок шаардык кеңешинин депутатына издөө салынды. Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгынан билдирилген маалыматтарга караганда, КСДП фракциясынын депутаты Тынай Жансейитовго “Адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 

Деген менен ошол күндөн бери шектүү жарандын кай жерде жүргөнү дайынсыз болгондуктан ага мамлекеттик издөө салынды. БШК азырынча эл өкүлүнүн ыйгарым укуктары токтотулбай тургандыгын айтышууда. “Шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүдө кылмышка шектүү жергиликтүү кеңештин депутатына соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин депутаттык ишмердигин жүргүзө берүүсү көрсөтүлгөн дешет алар. Талдоочулар эл өкүлдөрүнүн сапатынын төмөңдөп кетүүсүнө бардыгын акча чечкен заман менен байланыштырышты. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"