Жаңылыктар
ДКО: Көчмөндөр ааламы
Маданият
ДКО: Көчмөндөр ааламы

Бүгүн кечки саат сегизде Ысык Көл районундагы Бостери айылында жайгашкан "Номад" амфитеатрында эл аралык этнофестиваль ачылды. Уюштуруучулардын айтымында иш-чарага 27 өлкөдөн 400 чукул өнөрпоз катышууда. 

Ошондой эле 200 ашык жергиликтүү маданият кызматкерлери өз өнөрүн тартуулады. Этнофестиваль 4 күнгө созулуп, күн сайын ар кандай аталыштагы сынактар өтөт. Катышуучулар өз мамлекетинин тарыхын, маданиятын, элинин турмушун чагылдырган улуттук программаларын тартуулашат. 

Ал эми бүгүнкү салтанатка 2 000 чукул адам келгени айтылууда. Ошондой эле ачылыш аземге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да келди.