Жаңылыктар
Кыргыз-венгер кызматташтыгынын кыйыры кеңейет
Саясат
Кыргыз-венгер кызматташтыгынын кыйыры кеңейет

Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Президент Сооронбай Жээнбеков менен үч күнгө расмий сапар менен Кыгызстанга келген Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын расмий жолугушуу аземи болуп өттү. 

Эки тараптуу жолугушуудан соң биргелешкен документтерге кол коюлду. Кызматташтыктын конкреттүү багыттары талкууланды.  Виктор Орбан эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында Венгриянын "Эксимбанкы" Кыргызстан үчүн 65 миллион доллар өлчөмүндөгү насыя тилкесин ачканын белгиледи. 

Ошондой эле, ал Кыргызстандыктар үчүн Венгрия стипендиялык орундарды көбөйтүүгө даяр экенин кошумчалады. Бүгүнкү күндө Венгрияда квота боюнча 25 студент билим алып жатат. Мындан сырткары жолугушууда фармацевтика жана айыл чарба тармагында кызматташуу тууралуу кызыкчылыктар айтылды. 

Орбан өлкө жетекчисин жана кыргызстандык ишкерлерди Будапештке келүүгө жана эки тараптуу кызматташуунун негизги өзөгүн Венгрияда аныктап алууга чакырды. Дипломатиялык чөйрөдө Президент Сооронбай Жээнебеков башында турган кыргыз делегациясынын сапары келерки жылдын жазында болуп калышы айтылууда.