Жаңылыктар
ЕАЭБ: бирдиктүү транспорт саясаты
Экономика
ЕАЭБ: бирдиктүү транспорт саясаты

Кечээ, Бишкекте Евразиялык экономикалык комиссиянын алдындагы консультативдик комитеттин сегизинчи жыйыны болуп өттү. Ага коллегиянын мүчөсү, министр Данил Ибраев төрагалык кылды. Иш-чарага Орусия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын транспорт министрлеринин орун басарлары катышты. Ал эми келе албай калган Армениянын өкүлү менен видео байланыш түзүлдү. 

Жолугушууда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бирдиктүү унаа саясатын ишке ашыруунун негизги этаптары жана багыттары тууралуу долбоордун программасы талкууланды. Унаа, аба транспорту жана темир жол, суу транспорту тармагындагы интеграциянын багыттары жана аларды ишке ашыруунун механизмдерин иштеп чыгуу жолдору макулдашылды. 

Бул документ биримдикке кирген өлкөлөрдүн - транспорт тармагындагы керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргошу керек. Данил Ибраевдин айтымында, бүгүнкү жыйындын маанилүү маселеси - евразиялык экономикалык интеграция менен Жибек жолунун экономикалык куурун байланыштыруу демилгесин алдыга жылдыруу болду.