Жаңылыктар
Борбор калаанын мектептеринде окуучулардын саны нормадан эки эсе көп болууда
Билим
Борбор калаанын мектептеринде окуучулардын саны нормадан эки эсе көп болууда

Ордо калаанын мектептеринде окуучулардын саны нормадан эки эсе көп болууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын өкүлү Чынара Исакова билдирди. Анын айтымында, Бишкекте жыл сайын окуучулардын саны он миңдеп көбөйүп жатат. 2015-жылы 127 миң бала болсо, 2016-жылы 137 миң, 2017-жылы 147 миң окуучу катталган. 

Быйыл 155 миң бала окуйт деп эсептелди. Жыл сайын Бишкекте экиден мектеп курулуп, пайдаланууга берилип жатат. Бирок борбор калаадагы мамлекеттик 97 мектептин долбоордук кубаттуулугу 76 жарым миң балага ылайыкташкан. Азыр окуучулардын саны эки эсе көп. 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, жалпы республика боюнча 2204 орто мектеп бар. Аларда окуп жаткан балдардын саны 1,5 миллионго чамалады.