Жаңылыктар
Композитор Акимжан Жээнбай 70 жашта
Маданият
 Композитор Акимжан Жээнбай 70 жашта

Кыргызстан композиторлор союзунда кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор жана окутуучу Акимжан Жээнбайдын 70 жылдык мааракеси өттү. Салтанаттуу иш-чарада анын окуучулары композитордун чыгармаларын улуттук аспаптарда аткарып берди. 

Акимжан Жээнбайдын “Уркуя”, “Аталар” аттуу поэмасы, “Балалыкты эскерүү” пьесасы кыргыздын симфониялык музыкасынын жаңы баракчасын ачкан. Анын акыркы жылдары жараткан “Ата бейит” аваздык-симфониялык кошогу, “Ош-3000”, “Күү дастан” чыгармалары да элдин арасында кеңири тарады. 

Акимжан Жээнбайдын 70 жылдык мааракесине коомдук ишмерлер, окуучулары, президенттик аппараттын өкүлдөрү жана кесиптештери катышты.