Жаңылыктар
ДКО: Билеги күчтүүлөр кармашы
Спорт
ДКО: Билеги күчтүүлөр кармашы

Дегеле ушул көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттук иш-чаралар абдан кызыктуу өтүүдө. 

Таң эрте эле спорт комплекстин сыртына чогулган эл Япондордун сумо кармашына күбө болду. Сумо көчмөн оюндарынын алкагында биринчи ирет өтүп жатат. Таймашта Кыргызстандын намысын бир спортчу коргоду. Сумого катышуу үчүн жалпы он жети өлкөнүн жыйырма спортсмени келген. Таймашка абсолюттук салмактагы гана спортсмендер катышты. 

Оюндардын жүрүшүндө Россиядан келген спортчулар мыктылыгын көрсөтүп биринчи жана экинчи орундарды камсыздады. Ал эми үчүнчү орунга Япониядан келген спортчу татыктуу болду.

Андан соң ушул эле жайда Монгол күрөшү орун алды. Буга жалпы жыйырма төрт спортчу он беш өлкөдөн катышты. Монголдор күрөшү эң байыркы күрөш түрлөрунө кирет. Бир эки, кылым мурда ойлонгон эрежелери сакталып калган.

Андан кийин кечке жакын түштүк Кореялыктардын сырым күрөшү өткөрүлдү. Мында күрөш эрежелери өзгөчө. Спортчулардын бир тизеси жерге тийип кетсе да упай жоготушу мүмкүн. Катышуучулардын салмагы да чектелбейт. Оюнчуларга билегинин күчү анан шамдагайлык керек. 

Эске салсак, Кыргыз күрөшү 2012-жылдан баштап эл аралык деңгээлге чыгууда. Буга чейинки эки жолку өткөрүлгөн көчмөндөр оюндарында да таймаштар болгон.