Көк бөрү оюнунун жарым финалында төрт команда беттешти. Бул оюндагы жаңылык Казакстан командасын Өзбекстандын улакчылары ашык бир упай менен жеңип алды. Кыргызстан болсо Орусиянын Москва тайпасын 23:5 менен утту.
Кыргызстан менен Орусиянын Москва облусунун көк бөрүчүлөрү. Командаларды Чолпон-Атанын ат майданындагы көрүүчүлөр кызуу, кыйкырык сүрөөн менен тосуп алышты.
Көчмөндөр оюндары соңуна чыгып баратат. Бирок оюндардагы негизги бүйүр кызыткан мелдеш көк бөрүнүн финалы 7-сентябрда болот. Анда алдыга чыккан командалар Кыргызстан, Казакстан, Озбекстан, Москва беттешет. Көрүүчүлөр алардан кыл чайнашкан, кызыктуу оюн күтүшүүдө.