Жаңылыктар
Кырчындагы кызыктар жыйынтыкталды!
Маданият
Кырчындагы кызыктар жыйынтыкталды!

Кырчын жайлоосуна бир жуманын ичинде 150 000 адам келип кетти. Жалпы 700 спорттук жана маданий иш-чаралар өтүп, бүгүн жабылуу аземинде жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды. 

Жалпы байге фонду 8,5 миллион сомду түздү. 

Жабылуу аземи чет элдик чыгармачыл топтордун маданий программасы менен жыйынтыкталды. 

Кыргызстан бүткүл дүйнөгө көчмөндөр маданиятын жана улуттук оюндарын тааныта алды. Мунун баарын өз күчүбүз менен жасадык. Бул оюндарды өткөрүүгө ар бир кыргызстандык салым кошту. 

Кырчындагы ар бир боз үйдүн ээси бир күндө 300дөн ашык кишини коноктоп жатты. Алардын басымдуу бөлүгү туристтер. Кыргыздын улуулугу мына ушунда.