Жаңылыктар
ДКО: Көчмөндөр ааламы
Маданият
ДКО: Көчмөндөр ааламы

“Көчмөндөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалы 3 күндөн бери - Ысык-Көлдүн Бостери айылында “Nomad” амфитеатрында өтүп жатат. 

Мурда кабарлагандай иш-чарага чыгармачыл топтор, жеке аткаруучулар жана маданий ишмерлер катышууда. Биздин кабарчыларыбыз дагы күн сайын иш-чарага жеринен күбө болуп, фестивалдын жүрүшү менен кыргызстандыктарды тааныштырууда. 

Байкоочулардын айтымында, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан этнофестиваль быйыл өзгөчө даярдыкта уюштурулган. Анткени башталган күндөн тартып эле бүйүрдү кызытып, бийик деңгээлде өтүп жатат.

Ар бир өлкөдөн келген шөкөтчүлөр өздөрүнүн салттуу улуттук кийимдерин жана этностилдеги заманбап формаларын даңазалоодо. Алтай Республикасынан келген бийчилер тобу , улуттук аспапта ойноп, эпос айтуу менен бирге, өз элинин кийимдерин көргөзмөгө алып чыгат.

Ошентип, “Көчмөндөр ааламы “этнофестивалынын жүрүшү көчмөндөрдүн дүйнөсү жана тарыхы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. 7-сентябрда фестиваль толугу менен жыйынтыкталып, чоң программадагы гала концерт менен коштолот.