Жаңылыктар
Өкмөт башчы Япония Парламентинин депутаттары менен жолугушту
Саясат
Өкмөт башчы Япония Парламентинин депутаттары менен жолугушту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Япониянын Өкүлдөр Палатасынын депутаттары, Кыргыз Республикасы менен Достук лигасынын лидери Ген Накатани жана аталган Достук лигасынын мүчөсү Асахико Михаро менен жолугушту. Анда Япония Парламентинин депутаттары күн мурун Бишкекте болуп өткөн алгачкы кыргыз-япон парламент аралык форумунун жыйынтыктары тууралуу айтып беришти. «Биз форумда парламент аралык мамилелелерди, биринчи кезекте ишкер байланыштарды жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу жаатындагы аракеттерди активдештирүүнү макулдаштык», – деди Ген Накатани.

Жолугушуунун жүрүшүндө япон парламентинин депутаттары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кырчын жайлоосундагы этношаарча жана Кыргызстандын кооз жаратылышы тууралуу жылуу пикирлерин билдирип, иш-чаралардын жогорку уюшкандыкта өткөндүгүн белгилешти. Мындан тышкары жолугушууда Кыргызстан жана Япония аралык инфраструктураны жана туризмди өнүктүрүү, экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүрүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатындагы кызматташтык маселеси талкууланды.