Жаңылыктар
Жаңы окуу жылына өлкө боюнча 20 ашык мектеп эшигин ачты
Билим
Жаңы окуу жылына өлкө боюнча 20 ашык мектеп эшигин ачты

Өлкөдө жыл өткөн сайын жаңы мектептер салынып, четинен пайдаланууга берилүүдө. Бул келечек муунга татыктуу билим берүүгө болгон мамлекеттик саясат. 

Быйыл жаңы окуу жылынын башталышы менен өлкө боюнча жыйырмадан ашык жаңы билим уясы эшигин ачты. Анын бири Бишкек шаарынын “Ак Ордо” конушунда салынган №96 мектептин салтанаттуу ачылышына Президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Өлкө башчысы ар бир жаңы мектеп - бул илимге-билимге, келечекке жана өлкөбүздүн өнүгүүсүнө карай салынган даңгыр жол экенин белгилейт. 

Сапаттуу билим берүүнүн маанилүү бөлүгү окуучулар менен мугалимдик жамаатка тиешелүү шарттарды түзүп берүү. Бул максатта өлкө боюнча жыл сайын 50дөн ашык жаңы мектеп курулуп жатат. Соңку беш жылда өлкөдө 280ден ашык жаңы мектеп ачылды. Башкы максат - билим берүү муктаж болгон аймактарга мектеп куруу. Өзгөчө аймактарда мектеп тартыш. 

Жыл аягына чейин пайдаланууга бериле турган объектилердин катарында Талас облусундагы Шекербек Шеркулов атындагы орто мектеп да бар. Убагында курулушу башталып токтоп калган эки кабаттуу билим берүү мекемеси жалпы 275 орундуу.

Мамлекет тарабынан мектептин курулушуна мына ушундай көңүл бурулса жакынкы келечекте билим берүү мекемесине муктаждык жоюлат деген ишенич чоң. Ошондо гана билимге сугарылган, идиректүү жаштарды тарбиялай алабыз. Себеби келечек муунга татыктуу билим, тарбия берүү менен гана өлкө келечеги кең болот.