Жаңылыктар
Кыргызстан - Кытай: Илимий кызматташуу
Билим
Кыргызстан - Кытай: Илимий кызматташуу

Кыргызстанга кыйтайлык окумуштуу профессор, философ, жазуучу Юй Дань айым келди. Ал Кыргызстанды кыдырып, өлкөнүн маданиятын, тарыхын билүүгө көптөн бери кызыгып жүргөн. Окумуштуу сапарын Бишкектеги Конфуций институтунда окуган студенттер менен баарлашуудан баштады.

Кытайлык илимпоз Юй Дань мекенинде атагы кеңири тараган инсан. Аны Кытайды дүйнөгө тааныткан аялзатынын алгачкы ондугуна киргизишет. Маданият таануучу, “Пекиндин он улуу агартуучу генийи” наамынын ээси.