Жаңылыктар
Электр жарыгы жок жашаган айыл тургундары
Аймак
Электр жарыгы жок жашаган айыл тургундары

Жалал-Абад облусунун алыскы Жаз-Кечүү айылынындагылар, элетке электр энергиясын тартуу ишин мамлекет колго алса дешет. Анткени электр жарыгына зар болгон жазкечүүлүктөр, бул маселенин айынан тиричиликте кыйла убаракерчилик тартышат. Жада калса окуучулар сабактарынан аксап, айылдагы агартуу тармагы өксүп жатканы байкалат. 


Жаз-Кечүү айылы Базар-Коргон районунан 110 чакырым алыс жайгашкан. 100дөн ашуун кожолук жашаган айылга алигиче электр энергиясы жете элек. Айыл жашоочуларынын айрымдары күндөн электр жарыгын берүүчү жабдууларды сатып алышкан. Бирок бул жабдуу сыналгы менен муздаткычты иштете албайт.


Электр энергиясынын жоктугунан улам окуучулар да билим жагынан артта калууда дейт мугалимдер. Информатика сабагын өтүү үчүн компьютер жетиштүү болгону менен, анын бары иштебей, чаң басып турат.


2017-жылга чейин мектеп имараты да эски болгон. Окуучулар 1980-жылдары ашар жолу менен салынган, кийинчерээк авариялык абалга кептелген имаратта билим алып келишкен. Жаңы курулган мектеп былтыр пайдаланууга берилген.