Жаңылыктар
Москвадагы кырсыктын себеби иликтенүүдө
Кырсык
Москвадагы кырсыктын себеби иликтенүүдө

Москвадагы кафенин ичинде болгон чырдан кийин, бир нече адамды сүзүп кеткен кыргызстандык айдоочу алкоголдук ичимдик ичкен эмес. Мындай маалыматты РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

Ал эми Орусиянын Ички иштер министрлиги - кырсыкка шектүү делген кыргызстандык жигит окуя болгон жерден качпай, полицияга көрсөтмө бергенин бышыктады. 

Белгилей кетсек, кырсыктан жабыркаган 10 кишинин аты-жөнү такталды. Муну менен катар оор жаракат алган бир киши каза болгону айтылууда.