Жаңылыктар
Анапа шаарында өткөн фестивалда Кыргызстандын төрт тасмасы сыйлык алды
Маданият
Анапа шаарында өткөн фестивалда Кыргызстандын төрт тасмасы сыйлык алды

Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок-2018" фестивалында кыргызстандык киночулардын төрт тасмасы сыйлык алды. Кинематография департаменти кабарлагандай, "Эң мыкты сценарий" багытындагы баш байге Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" фильмине ыйгарылды. 

Режиссер Темир Бирназаровдун “Түнкү авария” тасмасына эң мыкты операторлук иш жана мыкты музыка номинациясындагы байгелер берилди. Кыска метраждуу фильмдер арасынан Аскар Нуракун уулунун "Киноман" тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына татыды. 

Даректүү фильмдер боюнча атайын дипломго Токтобек Үсөновдун "Аялга татыксыз түйшүк" тасмасы ылайык деп табылды. 1992-жылдан бери уюштурулуп келе жаткан "Киношок-2018" фестивалы быйыл 2-9-сентябрда өтүп, ага 60тан ашуун фильм катышты.