Жаңылыктар
Ч. Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романы боюнча экинчи спектакль коюлду
Маданият
Ч. Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романы боюнча экинчи спектакль коюлду

Айтматовдун 90 жылдыгына карата залкар жазуучунун “Тоолор кулаганда”  аттуу  романы боюнча  экинчи спектакль коюлду. Сахнада башкы каарман Арсен Саманчиндин тагдыры, сүйүүсү, чыгарманын көркөмдүгүн арттырган кайып кыз менен кайберендин айланасында окуя камтылганын пьесанын автору билдирди. 

Премьера 11-12-сентябрда Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында көрүүчүлөргө тартууланат. Буга чейин “Учур” театрында “Жаабарс” коюлган.

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи Радио"