Жаңылыктар
Адам сатууга каршы жүз күндүк маалымат өнөктүгү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Адам сатууга каршы жүз күндүк маалымат өнөктүгү башталды

Бүгүн, 10-сентябрда "Жаштар колдойт" деген ураан алкагында адам сатууга каршы 100 күндүк маалымат өнөктүгү башталды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен жаштардын отуз уюму бирге уюштурган акция 10-декабрга чейин уланат. 

Ага бир канча эл аралык уюмдар колдоо көрсөтөрү бүгүн өткөн маалымат жыйынында белгиленди. Курамы атайын адистерден турган демилгечи топ элди кыдырып, миграция мыйзамдары, адам сатууга каршы туруу туурасында кеп-кеңештерди беришет. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"