Жаңылыктар
Кыскартылган 3 000 мугалимдин тагдыры кандай чечилүүдө?
Билим
Кыскартылган 3 000 мугалимдин тагдыры кандай чечилүүдө?

Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында аз саат менен иштеген мугалимдер кыскартылбайт. Болгону мектептердеги окуу сааттары эми мугалимдер арасында тең салмактуу бөлүштүрүлөт. Кеп буга чейин жарыя болгон 3 000 мугалим тууралуу болуп жатат. 

Билим берүү жана илим министрлигинин адистери өлкөнүн айрым райондорундагы мектептерде өтө эле аз саат менен иштеген тийди-качты мугалимдер бар экенин аныктаган. Эми ал мугалимдердин сааттары көбөйтүлөт же мугалимге муктаж болгон мектептерге бөлүштүрүлөт. Министрлик бул багыттагы жумуштарды алып барууда. 

Адистер барып жер-жерлерге барып текшерген маалда аз саат менен эмгектенген мугалимдер бар экени аныкталган. Азырынча бул мугалимдерди жакыныраак мектепке, бала бакчага орноштуруу жана жагдайлар боюнча министрликтин адистери иш алып барууда.