Жаңылыктар
Жолдоштук оюн: Кыргызстан 2-1 Сирия
Спорт
Жолдоштук оюн: Кыргызстан 2-1 Сирия

Футбол боюнча Кыргыз курамасы Сирия командасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү. Бул оюн эмки жылы өтө турган Азия кубогуна даярдануу максатында болду. 

Оюндун 1-бөлүгүндө топ сириялыктардын көзөмөлүндө болуп, алар бир топ кооптуу чабуулдарды уюштурду. Бирок Кыргызстан курамасы биримдикте коргонуп, гол өткөрүшкөн жок. Экинчи таймдын башталышы менен кыргыз оюнчулар жанданып, оюнга ээлик кыла баштады.

75-мүнөттө Кайрат Жыргалбек уулу оң капталдан кирип келип эсепти ачты. Андан көп өтпөй Даниел Тэго эреже бузуп, кыргыз курамасынын дарбазасына пенальти берилди. Аны Омар Алсома ишке ашырып, эсепти теңеди.

Ал эми 85-мүнөттө алмашууга чыккан Бекжан Сагынбаев Кайрат Жыргалбек уулунун узаткан тобун голго айлантты. Ошентип оюн аягына чыгып, калыстын ышкырыгы жаңырды.