Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Мамлекеттик каттоо кызматы бюджетке ири өлчөмдө зыян келтиргенин аныктады.
Билдирүүгө ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Маалыматтык кызматтарды көрсөтүү боюнча адистештирилген борборунун" кызматкерлери 2018-жылдын апрель айынан тарта транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттатуу боюнча жарандардын арыздарын кабыл алууда айрым эрежелерди бузушкан.
Анын натыйжасында бюджетке 5 841946 сом зыян келтирилген. Күтүүсүз барган текшерүүдөн кийин жогоруда айтылган сумма толук өлчөмдө республикалык бюджетке кайтарылды.