Жаңылыктар
Көгүлтүр отко болгон баа төмөндөдү
Экономика
Көгүлтүр отко болгон баа төмөндөдү

«Газпром Кыргызстан» ишканасы апрель айына карата көгүлтүр отундун баасын төмөндөттү. Ишканадан билдиргендей, апрелде жашоочулар үчүн 1 куб метр газга болгон төлөм 15 сом 83 тыйын, өндүрүш ишканалары, коммерциялык мекемелер жана бюджеттик уюмдар үчүн бардык салыктарды эске алуу менен 19 сом 25 тыйын болот. 

Маалымдалгандай, калк үчүн көгүлтүр отундун баасы 0,73%га, ал эми жеке менчик жана мамлекеттик мекеме-ишканалар үчүн 0,82%га төмөндөдү. Баанын ылдый түшкөнү доллардын курсу төмөндөп кеткени менен байланыштуу. 

Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин буйругуна ылайык, Газпром Кыргызстан ишканасы ай сайын, улуттук банк бекиткен доллардын курсу боюнча, газга болгон төлөмдүн жаңы тарифин эсептеп чыгууга милдеттүү.