Жаңылыктар
Жык-жыйма толгон мектептер кандай билим берип жатат?
Билим
Жык-жыйма толгон мектептер кандай билим берип жатат?

Бишкекте окуучулардын саны жыл санап өсүүдө. Айрыкча, 1-класска баргандардын саны быйыл 2 эсеге көп. Класстар толгон. Көпчүлүк ата-энелер балдарын мектеп-гимназияларга окуткусу келет. Мындай мектептерде бир класста окуучулардын саны 50дөн ашып кетти.

Окуучулар бир партада төрттөн отуруп билим алып жатышат. Алардын ар бири жакшы билим алышы үчүн мугалимдин тажрыйбасы жана билимдүүлүгү маанилүү. Анткени ар бир баланын тилин таап иштеш да оңой эмес.

Дагы 16 мектеп курулса, окуучуга толгон мектептер кадимкидей бошой түшмөк. Мамлекет мунун үстүнөн жай болсо да иш алып барууда.