Жаңылыктар
Өкмөт башчы эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барат
Саясат
Өкмөт башчы эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки күндүк жумушчу сапары менен Ош облусун кыдырат. Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат. 

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» көмүр ишканасынын иши менен таанышмакчы.