Жаңылыктар
Мугалимдердин бир жумалык сабак өтүү жүктөмү кандай бөлүштүрүлүүдө?
Билим
Мугалимдердин бир жумалык сабак өтүү жүктөмү кандай бөлүштүрүлүүдө?

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептердеги мугалимдердин бир жумалык сабак өтүү жүктөмүн бөлүштүрүү тартиби боюнча буйругу учур талабы экенин агартуу тармагындагылар билдирүүдө. Мунун арты менен билим берүүнүн сапаты жакшырат.

Жумасына 12 сааттан кем эмес сабак өтүү жүктөмү - мугалимдердин билим берүү жагынан эле эмес, окуучуларды тарбия-таалим жагынан да көзөмөлгө алып туруу жоопкерчилигин күчөтөт. 

Мугалимдердин жумалык окуу жүктөмүн туура бөлүштүрүнүн арты менен билим берүүнүн натыйжалуулугу артат. Бул билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ. Жалал-Абад шаарында жалпы 20 дан ашуун мектеп бар. Анда 1 миң 117 мугалим эмгектенет. Билим берүү жана илим министрлигинин “Жалпы билим берүү мекемелеринде педагогикалык кызматкерлердин бир жумалык сабак өтүү жүктөмүн бөлүштүрүү тартиби тууралуу” буйругунун негизинде, учурда 12 сааттан кем сабак берген мугалим жок.

Облустук усулдук билим берүү борборунун маалыматына ылайык, облус боюнча 146 мугалим аз саат менен сабак берип келгени такталып чыгып, мунун ичинен быйылкы жылдын эсебинен өз арызы менен пенсияга кеткендери бар. Андан сырткары мугалимдердин кээ бири атайын курсттардан өтүп, башка предметтер боюнча мектептерге кайра эле жайгаштырылууда.