Жаңылыктар
Келечегин ойлоп, туура кесипти тандаган жаштар
Билим
Келечегин ойлоп, туура кесипти тандаган жаштар

Бара бара куру намыс деп эле “үлкөн” гана жогорку окуу жайларды тапшырып юрист же экономист болом дегендер эмес, келечегин ойлогон, жумуш таап кетерине көзү жеткен орто кесипти тандагандар арбып жатат. Бул көрүнүш албетте сүйүндүрөт. Себеби өлкөнүн келечегин курууга бардык адистик керек. Бул багытта Билим берүү жана илим министрлигинин да аракеттери жаман эмес. Өкмөт да орто кесипчилик билим берүү мекемелеринин бюджеттик адистиктерине орундарды көбөйтүүдө. 


Эрмат Чойбеков мектепти аяктаган соң элчилеп жогорку окуу жайга тапшырууну эп көргөн. Бирок үйдө майда барат тиричилик техникаларын оңдой калмай жайы бар студент шыгы менен жөндөмүнө карап, экинчи чети келечегин ойлоп Бишкек техникалык колледжинин электр жабдуулар бөлүмүнө тапшырган. Жакынкы убакта окуусун аяктаса жумуш менен камсыз болорунан шек санабайт.

Чындыгында Эрмат сыяктуу орто кесипке ээ болууну каалагандардын саны жылдан жылга артууда. Себеби колледжи аяктагандардын 30 пайызы дароо жумуш менен камсыз болсо, он пайыздайы чет өлкөгө эмгектенүүгө кетет. Негизинен энергетика, тоо кен, айти-технология багытын тандагандар көп. 

Чын-чынына келгенде соңку жылдары мурдагыдай куру намыс менен эле жогорку окуу жайдан гана болгондо да кадыр-барктуусунан билим алам деген аң сезим жоголуп бараткандай. Азыр мектепти аяктагандардын арасында андан көрө орто кесипке ээ болуп иштегенди каалайт. Бул боюнча ата энелердин да көз карашы өзгөргөн.