Жаңылыктар
Евразиянын дин өкүлдөрү терроризмге каршы күрөш жүргүзөт
Дин
Евразиянын дин өкүлдөрү терроризмге каршы күрөш жүргүзөт

Евразия аймагындагы дин аалымдары терроризм,экстремизм менен биргеликте күрөш жүргүзөт. Бул максатта 13-сентябрда Бишкекке 20 жакын мамлекеттин муфтийлери “Евразиянын дин өкүлдөрү терроризмге каршы” деген аталыштагы конференцияга чогулат. 

Анда Россия, Кытай, Балтика өлкөлөрү, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан баш болгон мамлекеттердин дин аалымдары, имамдары радикализм көйгөйү, диний билим берүү, окуу-китептерин чыгаруу маселерин кеңири чөйрөдө талкуулайт. Алар элге туура Ислам динин жеткирип, диндеги толеранттуулукту, динде бирөөгө кордук көргөзүү жок экендигин жаштарга түшүндүрүүнү максат кылууда деп билдирди Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн маалымат жыйында. Динди саясатка аралаштырбоо зарылдыгында аалымдар айтууда. 

Кененирээк маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"