Алыскы Чоң-Алай районундагы авариялык абалга келген эки орто мектеп менен эки бейтапкананын ордуна жаңылары курулду. Бүгүн бул социалдык жайлардын ачылышы болуп, ага Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев катышты.
Мухамедкалый Абылгазиев, Чоң-Алай райнунан болгон иш-сапарынын алкагында Шибээ-Жекенди каналынын курулушу менен да таанышты. 11 чакырымду түзгөн канал өткөн жылдын ноябрында башталган. 2019-жылга карата пайдаланууга берүү мерчемделген. Каналдын ишке кириши менен аймактагы 2 миң гектар жерге сугат суу берүү жакшырат, мунун жарымы жаңыдан өздөштүрүлөт.