Жаңылыктар
Киреше тууралуу талапка жооп бербеген декларациялар аныкталды
Коррупция
Киреше тууралуу талапка жооп бербеген декларациялар аныкталды

Элүүдөн ашык мамлекеттик кызматкердин киреше тууралуу декларациялары талапка жооп бербестиги аныкталды. Бул текшерүүнүн алгачкы гана натыйжалары. 

Маалымат жыйын өткөргөн Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев эми чиновниктер мүлктөрүн жашыра албастыгын, коррупцияга каршы күрөш тынымсыз жүрөрүн белгиледи. Ал ошондой эле соңку учурларда кызуу талкууланып жаткан “Сапат” билим берүү мекемесине байланышкан жана башка бир катар суроолорго жооп берди.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралда өткөн жыйынынан кийин укук коргоо органдары коррупцияга каршы күрөштү күчөткөн. Анын натыйжалары тууралуу кеңештин катчылыгы коомчулукка маалымат берип келатат. Мамлекет башчысы укук коргоо органдарынан жабылып, кыскарып калган кылмыш иштерин кайра карап чыгууну талап кылган. Текшерүүлөрдүн натыйжасында аз эмес мыйзам бузуулар ачыкка чыкты.
Коопсуздук кеңешинин катчылыгы чиновниктердин мыйзамсыз тапкан каражаттары, жашырылган мүлктөрү эртедир-кечтир ачыкка чыгат деп эскертет. Дамир Сагынбаев укук коргоо органдарынын арасында ротация жүрүп жатканын да кошумчалады. Себеби күч түзүмдөрүнүн өзү туулуп өскөн аймакта иштеген өкүлү мыйзам бузган адамды кармайт. Бирок кийин териштире келгенде ал таанышы, жакыны болуп чыгат деген жүйө бар. Тартип сакчыларын орун котортуу айрыкча сентябрь, октябрь айларында ишке ашырылат.