Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөш максатына жетиши үчүн жалпы элдин колдоосу керек
Коррупция
Коррупцияга каршы күрөш максатына жетиши үчүн жалпы элдин колдоосу керек

Серепчилер белгилегендей, Кыргызстанда паракорчулуктун тамырын кыркуу багытындагы иштер олуттуу мүнөзгө ээ болуп, учурда бир катар чуулгандуу иштер иликтенип жатат. 

Коррупцияга байланышкан ири кылмыш иштеринин бети Бишкек жылуулук борборундагы кырсыктан кийин ачыла баштады. 

Шаардыктарды кыштын кыраан чилдесинде жылуулуксуз калтырган окуядан кийин жылуулук борборунда жүргүзүлгөн реконструкция коррупциялык схемалар менен коштолгону анык болуп, козголгон кылмыш ишинин алкагында Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Бердибек Боркоев жана башкалар камакка алынган.