Жаңылыктар
Инвестицияларга бут тоскондор жазаланат
Экономика
Инвестицияларга бут тоскондор жазаланат

Инвестицияларга бут тосуп, ушул багыттагы долбоорлордун ишке ашырылышына тоскоолдук жараткан атка минерлерге катаал чара көрүлөт. Мындай талапты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев инвестицияларды тартуу маселеси боюнча жумушчу кеңешме койду.

Кыргызстан өңдүү чакан мамлекеттер гана эмес экономикасы өнүккөн АКШ менен Кытай деле инвестор тартууга ашыгат. Ыңгайлуу сунуш менен келген инвестордун пайдасын ким эле көргүсү келбесин. Башкы максат инвестициянын келишине тоскоолдуктарды жаратпай шарт түзүү. Кыргызстандын тоо кен, энергетика, жолдор сыяктуу долбоорлорго инвесторлор тартылып ийгиликтүү иштеп жатат. Албетте инвестор кызыгуусун жарата турган тармактар дагы деле көп. Бирок тилекке каршы айрым учурларда инвесторлордун келишине тоскоол болгон жагдайлар да жок эмес.

Премьер-министр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кыска мөөнөттө инвестициялык лотторду түзүү үчүн жыйынтык чараларды кабыл алышы зарыл экенин белгиледи. Бул ишке карата шалаакылык жана жоопкерчилксиз мамилеге жол берилбеши керек. Ар бир чиновник инвестициялык лотторду өз мөөнөтүндө жана толук кандуу түзүүсү үчүн жеке жоопкерчилик алат, - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.