Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек биргелешкен "Делбирим" тасмасы тартылып бүттү
Маданият
Кыргыз-өзбек биргелешкен "Делбирим" тасмасы тартылып бүттү

Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повестинин негизиндеги кыргызстандык жана өзбекстандык кинематографисттердин биргелешкен тасмасы тартылып бүттү. Тасманын продюсери Паризат Жакыпбекова билдиргендей, учурда фильмди монтаждоо иштери жүрүүдө. 

Көркөм фильмде башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдин ролун өзбекстандык актёрлер Адиз Ражапов менен Улукбек Кадыров, ал эми Асел менен Кадичанын ролун кыргызстандык актрисалар Мадина Талипбек жана Элина Абай кызы аткарышты. 

Фильм Ташкентте, Наманганда, Фергана өрөөнү менен Ташкенттин ортосундагы ашууда жана Кыргызстандын Балыкчы шаарында тартылды. Тасманын режиссёру өзбекстандык Сарвар Каримов. Тасма быйыл 6-декабрда кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде элге тартууланат.