Жаңылыктар
Жакында “Ак Жол” чек ара өткөрүү жайында модернизациялоо иштери башталат
Чек ара
Жакында “Ак Жол” чек ара өткөрүү жайында модернизациялоо иштери башталат

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Ак Жол” чек ара өткөрүү жайы модернизацияланса чек араны кесип өтүү мүмкүнчүлүктөрү эки эсе кеңейтилет.

Бул жайды оңдоо жана жаңылоо жумуштары жакынкы келечекте башталат. Муну менен катар “Токмок” жана “Кең-Булуң” чек ара өткөрүү бекеттеринин макамы өзгөрүлгөнү турат.

Ал арада Казакстандын парламентинин Межилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин кыргыз-казак чек ара өткөрүү жайында мурдагыдай “узун кезектер” жаралбагандай маселени чечүүгө чакырды. 


Чүйдөгү бул кыргыз-казак чегиндеги “Ак-Жол” чек ара өткөрүү жайынан суткасына 18 миңге чейин жаран, ЕАЭБ алкагында жүк ташыган оор жүк ташуучу унааларды кошкондо бир жарым миңге чукул унаа каражаттары өтөт. Азыр мында мурдагыдай унаалардын да жарандардын да узун кезектери жок. Ылдам тейленип жарандар тез-тезден өтүп жатканын байкаса болот. Кошумча текшерүү бөлмөлөрү ачылганы быйыл туристтик маалда да кезектер жаралган эмес.

Жакынкы убакта бул “Ак Жол” чек ара өткөрүү жайын модернизациялоо иштери башталат. Инфраструктурасы жакшырып, чек ара жайы заманбап техника жана жабдуулар менен жабдылат.