Жаңылыктар
Элеттеги элибизди чогуу өнүктүрөлү
Экономика
Элеттеги элибизди чогуу өнүктүрөлү

Аймактардагы дыйкандарга жана ишкерлерге колдоо көрсөтүп, анын ичинде өсүмдүк жана мал чарбасын кайра иштетүүгө, экологиялык таза продукцияны өндүргөн ишканалардын экспортко чыгуусуна шарт түзүү зарыл. 

Мындай тапшырманы Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун, Кепилдик фондунун жана “Айыл банк” менен "РСК" банктын башкармалык төрагаларын кабыл алуу учурунда билдирди.


Өнүктүрүү фондунан каражат бир гана дыйканчылык жана багбанчылыкка эмес, жеке ишкерликке да кеңири берилип жатат. Нарын облусунун тургуну Замирбек Үсөнбаев бир жыл мурун Орус кыргыз Өнүктүрүү фондунан 3 жарым млн сом насыя алып, чакан эмерек цехин ачкан. Азыр алгачкы кирешелерин таба баштады.

Дал ушул ишкерлерди жана дыйкандарды насыялоо жумуштарынын жүрүшү тууралуу өлкө башчысына Орус кыргыз өнүктүрүү, Кепилдик фонду, Айыл банк жана РСК банктын жетекчилери айтып беришти. Президент ушул жылдын башында аталган каржы институттарына айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген жана экспортко чыгарууга аракет кылган ишкерлерди колдоо, каржылоого шарттарды түзүү тапшырмасын берген болчу.